Ташкент, 03.03.25. /Кабар/. Бишкекте төлөм уюмдарынын бирине айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, КР мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир төлөм уюмуна 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.