Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын электр энергиясын өндүрүү менен утилдештирүүчү заводго ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын көчмө жыйыны болуп өттү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, ага ведомствонун адистери дагы катышты.
Заводго болгон иш сапардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын полигону комиссиялык негизде текшерилип, ошондой эле заводдун технологиялык процесси менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Маалыматка ылайык, заводдун курулушунун экинчи этабын баштоо жана анын кубаттуулугун суткасына 3000 тоннага чейин көбөйтүү пландалууда.
Ведомстволор аралык жумушчу комиссияга заводдун ишинин көрсөткүчтөрүнө, анын ичинде калдыктарды кайра иштетүү, өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмүнө, иш жүзүндөгү чыгымдарга жана кирешелерге, ошондой эле долбоордун экинчи этабынын башка финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө талдоо жүргүзүү жана баа берүү тапшырылды.
Эми министрлик компетенциясынын чегинде заводдун ишмердигине, ошондой эле долбоордун экинчи этабын курууга байланыштуу жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен тиешелүү корутунду берилет.
Белгилей кетсек, аталган иш чара министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйналыштын 10-сентябрдагы протоколдук тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлдү.