Бишкекте оор атлетика боюнча Кыргызстандын кубогу өтөт

Спорт Загрузка... 06 Февраль 2025 15:40
476037866_18345107794196946_2452704993081222472_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. 7-9-февраль күндөрү Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин спорт комплексинде оор атлетика боюнча Кыргызстандын кубогу өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүчүлөргө “Ынтымак” Олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат

Спортчулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат.
Кыз-келиндер: 45, 49, 55, 59, 64, 71, 76, 81, 87, +87 кг;
Эркектер: 55, 61, 67, 73, 81, 89, 102, 109, +109 кг.