Бишкекте окуучуларга жана алардын ата-энелерине жарык чагылдыруучу каражаттар таратылды

Коом Загрузка... 04 Февраль 2025 14:44
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Бишкекте мектеп окуучуларына жана алардын ата-энелерине 100 метр аралыктан байкалган жарык чагылдыруучу каражаттар таратылды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жарык чагылдыруучу каражаттар "Партнер Нефть" компаниясы менен биргеликте өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатында "Балдарды жол кырсыгынан  сактайлы" аттуу түшүндүрүү иш-чарасынын алкагында таратылды.

Иш-чаранын негизги бөлүгүндө ЖКККББ өкүлдөрү тарабынан ата-энелерге, окуучуларга жол эрежелерин сактоо боюнча маалыматтар берилип, балдар катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу багытында аткарылып жаткан иштер жана жалпы окуучулардын жол коопсуздугу талкууланды.

Эскерте кетсек, 2024-жыл ичи жол кырсыктарынын 38 пайызы жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү фактысы менен коштолгон. Ошол себептүү быйыл мындай фактыларга жол бербөө максатында жөө жүргүнчүлөдүн жана өспүрүмдөдүн коопсуздугу үчүн жарык чагылдыруучу каражаттар таратылып, рейдтик иш-чаралар күчөтүлүп, жалпы балдардын жол коопсуздугу үчүн үгүт-насаат иштери да  күчөтүлүүдө.