Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулердин жолугушуусу өттү.
Ведомстводон билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-британ күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда, ошондой эле миграция, айыл чарба жана тоо-кен тармагы боюнча кызматташуу боюнча пикир алмашуу болду.
Тараптар ошондой эле Улуу Британиянын өкмөтү тарабынан инвестициялык долбоорлор үчүн кредиттик линиясынын берилгендиги боюнча макулдашууларды жана демилгелерди ишке ашырууну биргелешип иштөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңири талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда тараптар саясий байланыштарды колдоо максатында жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу боюнча биргелешип иштөөнү улантууну макулдашышты.