Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Бишкекте көмүскө оюн-зоок жайынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине Бишкек шаарында кумар оюндарын уюштуруу фактылары боюнча маалымат түшкөн.
Белгисиз адамдар кумар оюндарын ойноочу шаймандарды колдонуу аркылуу оюн уюштуруп жүргөндүгү аныкталган. Бильярд клубунун атын жамынган жашыруун оюн-зоок жайында конспирация чаралары кылдаттык менен сакталып, ал жакка "өз кишилерин" гана киргизишчү.
Чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин "Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Тиешелүү токтомдун негизинде Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан Sun Club бильярд клубуна тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда имараттан кумар оюндарын (покер) ойноочу жайлар табылып, кумар оюндары ойнотулуп келгени аныкталган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кумар оюндарынын уюштуруучусу 1991-жылы туулган Э.А. аттуу жаран болгон. Ал оюн-зоок бизнес мекемесинин иштешине шарт түзүп, жарандарды оюндарга катышууга чакырып турган.
Шектүү жаран кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.