Бишкекте кийим тигүүчү цехтен өрт чыкты

Кырсык Загрузка... 13 Март 2025 11:34
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Бишкекте кийим тигүүчү цехтен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 13-мартта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Луговой айылында жайгашкан кийим тигүүчү цехте өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 10:42де Аламүдүн райондук №1 Өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, 10:56да кошумча дагы 1 бөлүм жалпы 2 күжүрмөн тартылды.