Бишкекте Keshte этно-брендинин мода көргөзмөсү өтөт

Бизнес Загрузка... 03 Апрель 2026 15:30
WhatsApp Image 2026-04-03 at 12.30.58.jpeg

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Бишкекте Keshte ата мекендик брендинин “Жан дүйнө жана жаратылыш” аталышындагы мода көргөзмөсү өтөт. Иш-чара 11-апрелде Luna Garden ресторанында уюштурулат.

Keshte брендинин бул көрсөтүүсү жаратылыш, адам жана үй-бүлө ортосундагы байланышты бирдиктүү цикл катары ачып берет.

Keshte — кыргыз улуттук кийимин терең изилдөөгө негизделген жана аны заманбап мода ритмине ийгиликтүү ылайыкташтырган этно-бренд. Бренд Милан, Берлин жана Кытайдагы эл аралык мода жумалыктарынын катышуучусу болуп саналат. Коллекциялар Чыгыш менен Батыштын эстетикасын айкалыштырып, эл аралык подиумдарда сунушталып келет.

Иш-чаранын алкагында бренддин негиздөөчүсү, арт-директору жана башкы дизайнери Назгүл Каарованын эмгегине таандык, төрт тематикалык бөлүктөн турган заманбап этно-кийимдер топтому тартууланат.

WhatsApp Image 2026-04-03 at 12.30.41

Алгачкы топтом “Теңиз жүрөк” деп аталып, анда агым, кыймыл жана жарыктык сыяктуу түшүнүктөр чагылдырылган. Кийинки бөлүк “Тоо үнү” күчтү, туруктуулукту жана кайраттуулукту айгинелейт. Үчүнчү топтом “Гүл бакча” ачылууну, сулуулукту жана назиктикти символдоштурса, соңку “Жер деми” топтому жылуулукту, башталышты жана уңгулукту билдирет. Көргөзмө Кыргызстандын табиятынын күчүн жана адамдык жан дүйнөнүн сулуулугун чагылдыруу максатында даярдалган.

“Бренддин башкы максаттарынын бири жөн гана кийим тигүү эмес, муундар ортосундагы аралыкты жакындатып, өткөндү азыркы учур менен айкалыштыруу”, — деп белгиледи Назгүл Каарова.

Иш-чарага жеке ишкерлер, маданият кызматкерлери, медиа өкүлдөрү жана башкалар чакырылган. Бул көргөзмө чыгармачылык, маданият жана мода тармагындагы өкүлдөр үчүн маанилүү жолугушуу аянтчасы болору күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Keshte брендинин 10 жылдыгына арналган “Мезгилсиз шедеврлер” аталышындагы мода көрсөтүүсү 2025-жылдын 25-февралында өткөрүлгөн. Көргөзмө маданий жаңылыкка айланып, коомчулуктун алкышына татыган.

Маалыматтык өнөктөш — Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги. 1937-жылы негизделген агенттик — Кыргызстандын мамлекеттик маалымат каражаты жана өлкөдөгү, Борбор Азиядагы окуялар боюнча расмий маалымат булагы болуп саналат. Агенттиктин жаңылыктары кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жарыяланып, кеңири эл аралык чагылдырууну камсыз кылат.