Бишкекте Интерпол тарабынан изделип жаткан казак жараны кармалды

Загрузка... 28 Январь 2025 16:27
474726897_1003832525099082_1136476569280160276_n.jpg
copyright icon Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Бишкекте Интерпол линиясы боюнча издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жаран кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинен билдиришти.

1985-жылы туулган Казакстандын А.Д. аттуу жаран Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалды.

Кармалган жаран кызмат адамына пара берген деп айыпталып, Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги тарабынан издөөдө жүргөн.

Маалыматка ылайык, логистикалык компаниянын ээси А.Д. 2022-жылдын декабрынан 2023-жылдын ноябрына чейин чет өлкөгө товар жеткирүүнү уюштурууга аракет кылган. Бажы процедураларын айланып өтүү үчүн ал бажы кызматкерлери менен тил табышып, аларга пара катары 16 миң 500 доллар которгон.

Кармалган жаран Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык мындан аркы процесстик иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн Октябрь райондук ИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген.