Бишкек, 17.01.25. /Кабар/. 17-январдан 4-февралга чейин Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын жана кесиптик орто окуу жайлардын кызматкерлери арасында "Ден соолук" спартакиадасы өтөт.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спартакиада спортту жайылтуу, сергек жашоого тартуу максатында уюштурулууда.
Спартакиаданын программасында төмөнкү спорттун түрлөрү бекитилген:
- Футзал;
- Стритбол;
- Тогуз коргоол;
- Стол теннис;
- Волейбол;
- Шахмат;
- Ордо.
Мелдештин ачылыш аземи 22-январь күнү саат 15:00дө И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын спорттук базасында болот.