Бишкекте “Үч эже-сиңди” спектакли пенсионерлерге акысыз көрсөтүлөт

Маданият Загрузка... 06 Апрель 2026 18:38
вввв.webp

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. 8-апрелде саат 15:00дө Ч.Айтматов атындагы орус драма театрында улуу орус драматургу Антон Чеховдун пьесасынын негизинде “Үч эже-сиңди” спектакли коюлат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Үч эже-сиңди” спектакли – бүгүнкү күндө да маанисин жоготпогон актуалдуу классикалык чыгарма. Анда бир үй-бүлөнүн тагдыры аркылуу адам жашоосунун татаалдыгы, үмүтү жана кайгысы терең чагылдырылат.

Спектаклдин чыгармачыл тобу:

Режиссёр-коюучу — Леонид Алимов (Россия, Санкт-Петербург)

Сүрөтчү — Ангелина Гайер

Пластика боюнча режиссёр — Максим Лисовский

Жарык боюнча сүрөтчү — Владимир Карчин

Видеопроекция режиссёру — Антон Селов

Режиссёрдун ассистенти — Чолпон Шарафидинова

Режиссёрдун жардамчысы — Эвелина Пурикова

Байланыш телефондору: 662032; 0552 662032