Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Бишкекте Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Сөз эркиндиги боюнча өкүлүнүн кеңсеси уюштурган ЖМК боюнча 26-Борбор Азия медиаконференциясы башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
“Бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти калыптандыруу: маалыматтын аныктыгы, медиаэтика жана санариптик доордогу ишеним” темасында өтүп жаткан иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан 120дан ашуун өкүл катышууда. Алардын арасында мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандык коомдун, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер бар.
Конференцияда ЖМК эркиндиги, журналистиканын кесиптик этикасы, жалган маалыматка каршы күрөшүү, медиасабаттуулукту өнүктүрүү жана коомдогу ишенимди бекемдөө маселелери талкууланууда.
Медиаконференция тажрыйба алмашуу, медиа тармагындагы актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулоо жана Борбор Азиядагы бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти бекемдөө боюнча биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгуу максатында өтүүдө.