Бишкекте “Бир келип кетчи Ош жакка” спектакли коюлду

Маданият 31 Март 2026 11:00
661111409_1241406104817810_9198479154766655394_n - Көчүрүү.jpg
658148456_1241405164817904_8573756301939079150_n - Көчүрүү.jpg
658895833_1241406168151137_1976501589128659321_n - Көчүрүү.jpg
658493317_1241405854817835_4737509222690161173_n - Көчүрүү.jpg
658203773_1241405774817843_3061846462184804397_n - Көчүрүү.jpg
661727603_1241405374817883_3033859366939330042_n - Көчүрүү.jpg
658974235_1241405801484507_168755266131884768_n - Көчүрүү.jpg
658403486_1241405348151219_3636432963425678932_n - Көчүрүү.jpg
657746356_1241405191484568_3414310745652284216_n - Көчүрүү.jpg
661694610_1241405108151243_6122404451498175205_n.jpg
660840332_1241406151484472_9001141122613546127_n - Көчүрүү.jpg
658493266_1241405991484488_2805151561397005748_n.jpg
659874445_1241405318151222_3733006771875088875_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын Бишкек шаарындагы жумалыгы 30-мартта "Бир келип кетчи Ош жакка" спектакли менен башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спектакль Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү. "Бир келип кетчи Ош жакка" спектакли КР Эл жазуучусу Арслан Койчиевдин "Тагдыр жөнүндө ыр" чыгармасы боюнча коюлду.

Бул чыгарма улуттук тарыхтын татаал барактарына жетелеп, адам тагдыры менен доор сыноосунун айкалышын терең философиялык деңгээлде ачып берет. Спектаклде 30–40-жылдардагы кыргыз айылынын турмушу, экологиялык көйгөйлөр, ошондой эле репрессия жана Улуу Ата Мекендик согуш сыяктуу тарыхый окуялардагы адам тагдыры, согуштун азабы жана Мекенден алыс жүргөн адамдын ички трагедиясы чагылдырылат.

Спектакль бүгүн, 31-мартта да коюлат. Ошондой эле театр жумалыгынын алкагында дагы бир катар мыкты спектаклдер борбор калаанын көрүүчүлөрүнө тартууланмакчы.