Бишкекте балдар арасындагы жайкы спартакиаданын финалдык этабы старт алды

Спорт Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 10:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. №62 жалпы билим берүүчү орто мектебинин базасында 2014–2015-жылы туулган балдар арасында Бишкек шаарынын жайкы спартакиадасынын финалдык этабынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Мэриянын маалыматына ылайык, иш-чаранын алкагында күндүн биринчи жарымында жыйынтыкталган спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи да уюштурулду.

Кичи футбол:

  • 1чи жана 2-орундарды Ленин районунун командалары ээледи;
  • 3-орун - Октябрь районунун командасы.

Пионербол:

  • 1чи жана 2-орундарды Ленин районунун командалары ээледи;
  • 3-орун - Свердлов районунун командасы.

Белгилей кетсек, жайкы спартакиада үч этап менен өткөрүлдү. Биринчи этапта мелдештер муниципалдык аймактык башкармалыктардын арасында уюштурулуп, андан соң райондук этап өттү. Ар бир этаптын жыйынтыгында күчтүү командалар кийинки баскычка өтүп, шаардык финалга чыгуу укугуна ээ болушту.

Спартакиаданын программасына жети спорт түрү киргизилди: кичи футбол, чүкө, эстафета, аркан тартыш, пионербол, шашки жана дартс.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышат.