Бишкекте “Акыркы кат” спектаклинин бет ачары өттү

Маданият 12 Март 2025 11:42
483830279_949309937360763_654407394664429654_n.jpg
482810198_949308764027547_1336052673038650568_n.jpg
483576521_949307750694315_2478865843869577747_n.jpg
483995580_949308540694236_8615490363522943507_n.jpg
482327496_949309694027454_1518522170724288377_n.jpg
483841142_949309147360842_218686708656470313_n.jpg
483552085_949308180694272_4893858659029215787_n.jpg
483830262_949310564027367_8649821595061125085_n.jpg
483627176_949308030694287_700724042294355978_n.jpg
483759889_949308407360916_2035958434154265928_n.jpg
483473974_949307867360970_7026302589387425941_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Күн мурун Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргызстандын эл жазуучусу Кайрат Иманалиевдин калемине таандык “Акыркы кат” спектаклинин бет ачары болду.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, спектаклге Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Төрөкул Айтматов менен Нагима Айтматованын кызы Роза Айтматова күбө болушту.

Белгиленгендей, спектакль Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматов жана анын жубайы Нагима Айтматованын 120 жылдык мааракесине арналган

Аталган чыгармада Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүүдөн тартып элибиздин келечеги үчүн жан үрөгөн улуу инсандардын, алардын бири көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун эрдиги, элибиздин 20-кылымдын 20-30-жылдардагы башынан кечирген тагдыры чагылдырылган.

Автор калыптануу жылдардын катаал таразасында калчанган энелердин тагдыры, бирок алардын сынбаган, майтарылбаган эрдигине Нагима Айтматованын баскан жолу аркылуу кайрылган.

Төрөкул Айтматовдун ролун Жеңишбек Сманов, Өмүрбек Израилов аткарган.
Нагима Айтматованын улгайган кезин КРнын эл артисти Гүлайым Каниметова, КРнын эмгек сиңирген артисти Айсалкын Кыйыкбаева аткарган.

Ал эми Нагима Айтматованын жаш кезиндеги ролун Гүлнара Сатарова, Жаңылай Исакова жараткан.

Режиссёру – Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Уланмырза Карыпбаев.

Сүрөтчүсү – Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты Садыр Ниязакунов.

Композитору – КРнын эл артисти Асылбек Өзүбеков.