Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Улуттук банк Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлардын бирине айып салды.
Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, КР мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.