Бишкек, 31.01.25./Кабар/. Бишкек шаарындагы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде 28-январда башталган “АгроДиалог 2025” агроөнөр жай форумунун жыйынтыктоочу бөлүгү А. Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында өтүүдө.
Жыйынтыктоочу иш-чарада айыл чарба жана өнөр жай тармагындагы 2024-жылдагы ишмердүүлүктү чагылдырган видео тасма көрсөтүлүп, форумдун жыйынтыктары чыгарылууда.
Белгилей кетсек, “Агродиалог-2025” форумунун биринчи күнү 28-январда өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба тармактары боюнча кеңири талкуулар жүрүп презентация жана маалыматтар угулду. Ал эми экинчи, үчүнчү иш күнү кайра иштетүү жана экспорт тармагы боюнча тажырыйба алмашуулар болуп өттү.
Форумдун жүрүшүндө өлкөбүздүн айыл чарбасынын чемпион дыйкан-фермерлери бардык кызыкдар тараптар менен ийгилик сырларын бөлүшүп, тажрыйбаларын ортого салышты. Ошондой эле агроөнөр жай тармагында өнөктөштөрдү табууга өбөлгө түзүлүп, ишкерлер үчүн бизнесин өнүктүрүүгө жана өз продукциясын чет өлкөргө экспорттоого форум чоң мүмкүнчүлүктөрдү берди. Мында өлкөбүздүн 60тан ашуун айыл чарба продукциялары дүйнөнүн 80ге жакын өлкөлөрүнө экспорттолуп жатканы маалым болду.
Форумдун жыйынтыктоочу бөлүгүнө айыл чарба, кайра иштетүү, өнөр жай тармагынын өкүлдөрү, дыйкан-фермерлер катышууда.