Бишкек, 27.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева — Кабар/. Бишкекте 6 чакырымга созулган асма жолдун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемеси бүттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мэриянын коллегиясында билдирди.
Анын айтымында, Манас проспектисин бойлой Жибек Жолу проспектисинен Түштүк магистралга чейин узундугу 6 чакырымды түзгөн асма жол курулат. Бүгүнкү күндө суткасына 50 миңден 100 миңге чейин адамды өткөрө турган асма жолдун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемеси бүткөрүлдү.
"Бул долбоорду ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул туристтер үчүн жагымдуу болот жана шаардын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот", - деди ал.