Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Бишкек шаарындагы Алыкулов көчөсү 1 дарегинде жайгашкан №42 мектептин 385 орундуу жаңы окуу корпусу пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.
Объекттин курулушу 2026-жылдын март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Долбоор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылды.
Үч кабаттуу жаңы корпуста заманбап окуу класстары, жыйындар залы, ашкана, спорт залы жана башка зарыл шарттар каралган. Имаратта заманбап инженердик системалар колдонулуп, окуу класстары ысык жана муздак суу, жаңы эмеректер, эргономикалык парталар жана отургучтар менен камсыздалган. Ошондой эле окуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу билим алуу шарттары түзүлгөн.
Белгилей кетсек, бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда республика боюнча бир убакта 20 социалдык объекттин ачылыш аземи өттү.