Бишкекте 2025-жылдагы Дельфи оюндарына карата даярдык талкууланды

Коом Загрузка... 05 Февраль 2025 19:20
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous

Бишкек, 05.02.25./Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Эл аралык Дельфи комитетинин директору Владимир Понявин жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууга мэрдин орун басары Виктория Мозгачева жана маданият башкармалыгынын башчысы Урмат Белекбаев катышты.

Анда тараптар кызматташуунун негизги багыттарын, аянтчаларды даярдоону, чыгармачыл демилгелерди өнүктүрүүнү, 2025-жылдагы Дельфи оюндарынын уюштурулушу жана өткөрүлүшү боюнча пландарды, анын ичинде 2030-жылга чейинки пландарды талкуулашты.

Белгилей кетсек, Үчүнчү Ачык Бишкек Дельфи оюндарын 2025-жылдын март-апрель айларында өткөрүү пландалууда.

Дельфи оюндары - бул искусствонун ар кандай түрлөрү боюнча таланттуу балдарды бириктирген уникалдуу эл аралык аянтча.

Мындай оюндарды өткөрүү маданий диалогду өнүктүрүүгө жана эл аралык байланыштарды чыңдоого жардам берет.