"Бишкексууканал" ишканасы абоненттерди сууга болгон карыздарын төлөөгө чакырат

Коом Загрузка... 03 Февраль 2025
2022-04-23_09-20-01_861180.2e16d0ba.fill-800x500 (1).jpg
copyright icon www

Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы абоненттерди суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча карыздарын төлөөгө чакырат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 2024-жылдын аягына карата “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынын абоненттеринин карызы дээрлик 145 миллион сомго жетип, анын суммасы өсүүдө.

Белгиленгендей, төлөнбөгөн карыздар ишкананын кызматкерлерине эмгек акы төлөөдө, суу түтүк жана канализация тармактарын модернизациялоодо, насостук станцияларды жана тазалоочу курулмаларды жаңылоодо ишкананын иштешине тоскоолдуктарды жаратып, оңдоо иштерин кечеңдетүүдө,

Эске салак, суу менен камсыздоо жана канализация кызматына акы төлөө шаардын суу түтүктөрүнүн туруктуу иштешинин негизи болуп саналат. Утурумдук төлөмдөр өз убагында оңдоого, суунун сапатын жакшыртууга жана үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Мындан улам, “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы абоненттерди тез арада болгон карыздарын төлөөгө чакырат. Төлөнбөгөн учурда, 2025-жылдын 4-февралында саат 10:00дө ишкана учурдагы ченемдерге ылайык карызкорлорго суу берүүнү чектөөгө аргасыз болот.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы жашоочуларга карыздардын топтолушуна жана мүмкүн болгон өчүрүүлөргө жол бербөө менен кызмат акысын өз убагында төлөөнү сунуштайт. Мажбурлоо чараларын күтпөңүз - сапаттуу суу менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн сактаңыз",-деп айтылат билдирүүдө.