Бишкек, 25.01.25. /Кабар/. Бишкек жана Чүй облусунун аймагында атайын рейд өткөрүлүп, бир сутка ичинде 32 мас абалында унаа башкарган айдоочулар кармалды. Алардын ичинде айым айдоочулар да бар.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Атайын рота тарабынан кармалган унаалардын баары айып короо жайына токтотулуп, айдоочулардын тийиштүү докумменттери айдоо укукуганан ажыратуу үчүн сотко даярдалууда.
Белгилей кетсек, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы “Рулда” аталышында рейд өткөрөөрүн белгилеп, рейддик иш-чара айдын аягына чейин уланаарын эскертет.
Эске салсак, рейд учурунда спирт ичимдигин ичип алып унаа башкаргандарга жана жасалма жалган мамлекеттик номур тагып айдагандарга өзгөчө көңүл бурулат. Рейддик иш-чарага массалык маалымат каржаттарынын өкүлдөрү катышып, мас абалында унаа башкарган айдоочулардын жүздөрү башкаларга эскертүү болуу иретинде коомчулукка ачык көрсөтүлөт.