Бишкек шаарына Isuzu автобустарынын акыркы партиясы келди

Коом Загрузка... 01 Февраль 2025
1.jpg
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 01.02.25. /Кабар/. Бишкек шаарына Isuzu үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу автобустардын акыркы партиясы – 25 бирдик келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпысынан шаарга заманбап, 12 метрлик, газ менен жүрүүчү 85 автобус алып келинди.

Бул автобустар 24 орундуу, жалпысынан 90 жүргүнчү батат. Ошондой эле аба ырайынын ысык күндөрүндө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү үчүн заманбап кондиционерлер менен жабдылган.

Белгилей кетсек, мамлекеттик номерлер алынгандан жана маршруттук схемалар бекитилгенден кийин жаңы автобустар шаардык каттамдарга чыга баштайт.