Бишкек шаарына 400дөн ашык жол тескөөчү тартылды — Кабар

Бишкек шаарына 400дөн ашык жол тескөөчү тартылды

Коом 30 август 2026 10:48
edc1ea53-c8f4-4c73-a03c-962c62607f1f.jpeg

Бишкек, 30.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине байланыштуу коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында өлкөнүн аймактарынан Бишкек шаарына 400дөн ашык жол тескөөчү тартылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматкерлердин саптык кароосу өтүп, алардын алдыдагы иш-чараларга карата кызмат өтөөгө даярдыгы текшерилди.

Анда кызматкерлердин кызматтык формасы, саптык даярдыгы жана кызмат өтөө абалы каралды.

Ошондой эле кызматкерлерге кызматтык милдеттерин так жана жоопкерчиликтүү аткаруу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, транспорт агымын жөнгө салуу жана иш-чараларга келген конокторго тиешелүү деңгээлде кызмат көрсөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

"Жол тескөөчүлөр иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын негизги көчөлөрүндө жана маанилүү багыттарда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт",-деп айтылат маалыматта.