Бишкек, 27.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева — Кабар/. Биздин башкы максатыбыз Бишкек шаарын ар бир тургун сыймыктануу менен жашай турган заманбап, кооз, коопсуз жана жашоого ыңгайлуу шаарга айландыруу. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев мэриянын коллегиясында билдирди.
Ал белгилегендей, алдыга койгон максаттарга ылайык 2025-жылга карата жүзөгө ашыра турган иш план кабыл алынды. "Иш план 9 негизги багыттан жана 100 конкреттүү иш-чараларды камтыйт. Мында жергиликтүү бюджеттин негизги бөлүгүн көбөйтүү башкы
көбөйтөбүз. Тыгындарды азайтуу, жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча да иштерди аткарабыз. Экологиялык кырдаалды жакшыртуу багытында бир катар иштер пландалган. Ошондой эле социалдык объектилерди куруу, башаламан курулуш, социалдык коргоо жана башка көйгөйлөрдү чечүү боюнча чаралар каралды", - деди ал.
Айбек Жунушалиев 2024-жылдын бюджети толугу менен аткарылгандыгын, көптөгөн көйгөйлүү маселелер чечилип, ири долбоорлорду ишке ашырууга жетишилгенин айтты.
"2025-жылга бул көрсөткүчтү андан ары жогорулатуу максаты коюлууда", - деп кошумчалады ал.