Бишкек, Ысык-Көл, Талас жана Чүйдө дрон учурууга убактылуу тыюу салынды

Коом 27 август 2026 10:20
Бишкек, Ысык-Көл, Талас жана Чүйдө дрон учурууга убактылуу тыюу салынды

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата учкучсуз учуучу аппараттардын жана жалпы авиациялык учактардын учууларына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен “Кабар” агенттигине билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул чаралар учуу коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында киргизилүүдө.

  • 27-августтан 10-сентябрга чейин — Бишкек шаары, Ысык-Көл жана Чүй облусу;
  • 10–15-сентябрда — Бишкек шаары, Чүй жана Талас облусу.

Агенттиктен белгилешкендей, бул мезгилдерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар киргизилген режимдин сакталышын көзөмөлдөйт. Жогорудагы аймактарда ар кандай уруксатсыз учуу дароо токтотулат.

“Бул талаптарды бузган жеке адамдар, кызмат адамдары жана юридикалык жактар мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат”, — деп билдиришти агенттиктен.