Бишкек - Ош унаа жолунун Арал постундагы чектөө алынды

Загрузка... 31 Январь 2025 10:44
1874120642.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. Бүгүн саат 09:55да Бишкек - Ош унаа жолунун Арал постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Эскерте кетсек, күн мурун жолдор тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында аталган постто саат 22:20дан тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.