Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Бүгүн саат 22:20дан тарта Бишкек - Ош унаа жолундагы Арал постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, чектөө жолдор тайгак болуп жатканына байланыштуу №23 Жол тейлөө ишканасынын сунуштамасы боюнча кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында киргизилди.
Белгиленгендей, чектөө унаа жолдун абалы жакшырган учурда алынат.
Кошумча маалымат берилет.