Бишкек, 25.01.25. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун 250-чакырымында Казы-Жар тилкесинде кар көчкүсүн мажбурлап түшүрүү иштери аткарылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, натыйжада көлөмү 19110 м3 кар көчкүсү түшүп, унаа жолго жеткен эмес. Коопсуздандыруу ишине ӨКМ ыкчам тобу жана Коргоо министрлигинен артиллериялык эсеп чыккан.
Эске салсак, ушундай эле иш-чара 247-чакырымындагы Көчкүлүү-Булак тилкесинде да аткарылган.