Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун боюна 500 көчөт отургузулду

Коом Загрузка... 30 Январь 2025 16:55
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун боюна айлана-чөйрөнү жакшыртуу максатында 500 түп тянь-шань карагайынын көчөтү отургузулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиршти.

Көчөт отургузуу иш-чарасы Токой кызматы тарабынан уюштурулуп, ага директордун орун басары Талантбек Садыров, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин демилгеси жана Токой кызматынын директору Мураталы Тагаевдин тыкыр көзөмөлүндө өткөрүлгөн бул иш-чара аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга, ошондой эле жол боюн жашылдандырууга багытталган.

Белгилей кетсек, быйыл Кемин районунан Балыкчы шаарына чейинки унаа жолдун 50 чакырымдык бөлүгүнө бак отургузуу пландалууда.