Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Быйыл узундугу 6 метрге жеткен жаңы автобустарды сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 10-12 метрлик автобустар шаардын айрым көчөлөрүнө ылайык келбегендиктен, бурулуштарда кыйынчылык жаралат. Муну эске алуу менен ушул жылы кыска 6 метрлик автобустарды сатып алуу пландалууда.
"Түркиядан алынып келген 12 метрлик автобустар ири каттамдарга, мисалы, Сокулук, Кант багыттарына киргизилет", - деп белгиледи Жамалбек Ырсалиев.
Ошондой эле ал өткөн жылы өлкөгө 1000 автобус келгенин айтты.
Белгилей кетсек, борбор калаада күнүгө 1200 автобус каттамга чыгат.