Бишкек мэри шайлоо тилкелеринин даярдыгын текшерди

Коом
1763642205 (1).jpeg
1763642269.jpeg
1763642244.jpeg
1763642235.jpeg
1763642230.jpeg
1763642224.jpeg
1763642218.jpeg
Алдыга
Артка
1763642205 (1).jpeg
1763642269.jpeg
1763642244.jpeg
1763642235.jpeg
1763642230.jpeg
1763642224.jpeg
1763642218.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 21.11.25 /Кабар/. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев участкалык шайлоо комиссияларынын 30-ноябрдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата даярдыгын текшерди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, ал Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин имаратында жайгашкан №1046 жана Койбагаров көчөсү, 35 дарегиндеги №26 мектепте жайгашкан №1123 шайлоо тилкелерине барды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр материалдык-техникалык камсыздоого өзгөчө көңүл бурууну, интернетке туташтырууну көзөмөлгө алууну, ошондой эле объектилердин айланасын иретке келтирүүнү тапшырды.