Соңку жылдары өлкөнүн бардык тармактарында байкаларлык өзгөрүүлөр болуп жаткандай эле, темир жол тармагында да бир катар алгылыктуу иштер аткарылууда. Айрыкча, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү каттамдардын көбөйүшү – бул багыттагы маанилүү кадамдардын бири.
Анын айкын мисалы катары Балыкчы–Бишкек багытында каттап жаткан жүргүнчү поездин айтууга болот.

Бул поезд жайкы туристтик сезон башталгандан тарта үзгүлтүксүз иштеп, Ысык-Көлдү көздөй агылган эс алуучулар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана арзан жолго айланды.
Каттам эртең менен Бишкектен чыгып, кечинде кайра кайтып келгендиктен, бир күндүк эс алууну пландаган жарандар үчүн да ыңгайлуу шарт түзүлдү. Бул жол менен жүргөн туристтер жана эс алуучулар көл жээгинде убакыт өткөрүп, кечке чейин кайра борборго кайтып келе алышат.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, билеттердин баасы төмөндөгүдөй:
Жөнөкөй вагон
* 5 жашка чейинки балдарга орун ээлебестен – акысыз;
* 5-10 жаштагы балдар үчүн – 73 сом;
* 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн – 150 сом.

Люкс вагону:
* 5 жашка чейинки балдарга орун ээлебестен – акысыз;
* 5-10 жаштагы балдар үчүн – 250 сом;
* 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн – 500 сом.

VIP-вагону:
* 5 жашка чейинки балдарга орун ээлебестен – акысыз;
* 5-10 жаштагы балдар үчүн – 400 сом;
* 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн – 800 сом.

VIP-купе вагону:
* Баасы – 6000 сом бир купе үчүн;
* Купеде 6 чоң адамга чейин жол жүрүүгө уруксат берилет;
* Ар бир жүргүнчү 5 жашка чейинки бир баланы акысыз кошо ала алат.
Кол жүгүнө акы алынбайт.

Билеттерди төмөнкү жерлерден сатып алса болот:
Онлайн: https://ticket.railway.kg/ вебсайты жана railway.kg мобилдик тиркемелери, Бишкек-2 темир жол бекетинин кассаларынан, ошондой эле бош орундуктар бар болсо, поезддин өзүнөн бардык төлөм системалары аркылуу накталай жана нактасыз төлөм менен.
Алдын ала сатуу июль айынын аягына чейин ачык.
Бир күндө эки тарапка жалпы 1 миң 634 жүргүнчү каттайт. Бүгүнкү күндө поезддин толуусу дээрлик 100 пайыз. Жайкы сезон башталгандан бери 20 миң 613 жүргүнчү ташылган.

Люкс вагондор кондиционерлер, суулары бар муздаткычтар, кенен экрандуу телевизорлор, аудио стерео система, телефондорду жана ноутбуктарды кубаттоочу пункттар, алкоголсуз суусундуктар салынган муздаткычтар менен жабдылган, ал эми VIP- вагондордо буфет бар. Жолдо жүргүнчүлөр үчүн бардык шарттар түзүлгөн: Wi-Fi, таза суу жана тамактануучу жайлар менен камсыздалган.
Поезд Балыкчыга туристтердин агылуусуна зор салымын кошууда. Анткени, поезд арзан, коопсуз болуп, ошондой эле аларга өлкөнүн кооз жерлерин ачык-айкын көрүп кетүүсүнө мүмкүнчүлүк жаратып жатат.
Айрыкча Европа өлкөлөрүнөн жана Россиядан келген туристтер биздин жүргүнчү поездде саякаттаганды жакшы көрүшөт. Россиядан келген турист Владимир мындай ыңгайлуу жана кооз поездди биринчи жолу көргөнүн айтат:

“Мен Россия менен Кавказдын дээрлик бардык поезддерине отуруп көрдүм. Мындай поездди биринчи жолу көрүп жатам. Поезддин мага айрыкча понарамдык терезелери жакты. Терезеден жолду катар, Кыргызстандын кооз жерлерин көрүп кетип жатам. Поездде абдан жакшы ыңгайлуу шарттар каралыптыр. Башкысы абдан таза экен”,-деди ал.
Поездден сырткары, Балыкчыда инфраструктура да жакшыртылып, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Шаардын кире беришинен тартып пляж аймактарына чейин жолдор оңдолуп, санитардык-гигиеналык жайлар орнотулду. Эс алуучулар үчүн тамактануучу жайлар, унаа токтотуучу жайлар көбөйтүлдү.

Мындан улам быйыл Балыкчыда эс алуучулардын агымы жылдагыдан өзгөчө көп. Мындай мүмкүнчүлүк, өзгөчө үй-бүлөлүү адамдар, пенсионерлер же студенттер үчүн ыңгайлуу.