Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жаңы "Бишкек Арена" стадионунун ачылыш аземи өтүп жатат.
Иш-чаранын алкагында борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн масштабдуу маданий программа уюштурулду.
Концерттик программа ата мекендик жана чет элдик өнөрпоздордун катышуусунда өтүп жатат.
Стадиондун ачылышына жалпы 60 миңдей көрүүчүгө орун жана фан-зона каралган.
"Кабар" агенттиги "Бишкек Аренадан" сүрөт баян сунуштайт.