“Бишкек Арена” стадионунун ачылыш аземи 5-октябрда өтөт

Коом 5 сентябрь 2026 21:55
“Бишкек Арена” стадионунун ачылыш аземи 5-октябрда өтөт

Бишкек, 05.09.26. /Кабар/. “Бишкек Арена” стадионунун ачылыш аземи 5-октябрда өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал белгилегендей, учурда иш-чарага карата даярдыктар кызуу жүрүүдө.

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи бизге эле эмес, бүткүл дүйнөдө сөз болуп жатат. Кошуналар, дос өлкөлөр суктанууда. Бул тарыхый учурга катыша албай калгандар үчүн 5-октябрда стадиондун расмий ачылышы болот. Президентибиз тапшырма коюп, даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Анда эмесе кайрадан көрүшөбүз!”, - деп жазды Дайырбек Орунбеков.

Белгилей кетсек, 31-августта стадиондо VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өткөрүлгөн болчу.