Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. “Бишкек Арена” стадионунун бүгүнкү расмий ачылыш аземи УТРКнын бардык телеканалдарында жана “Биринчи радиодо” түз эфирде көрсөтүлөт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде кабарланды.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземдин алкагында шаар тургундары жана коноктору үчүн майрамдык программа уюштурулат.
Ага катышууну каалаган жарандардын иш-чара өтүүчү жерге ыңгайлуу жана өз убагында жетүүсүн камсыз кылуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген жөнөө пункттарынан “Бишкек Аренага” чейин жана кайра кайтуу үчүн акысыз автобус каттамдарын уюштурат.
Белгилей кетсек, “Бишкек Арена” стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи бүгүн, 5-октябрда өтөт.