Бишкек, 05.09.26. /Кабар/. Борбор калаада “Бишкек Арена” стадионун президент Садыр Жапаров расмий түрдө ачты.
Мамлекет башчысы аренаны ачып жатып, өлкөдө болуп жаткан бир катар экономикалык өзгөрүүлөргө токтолуп, кыргызстандыктарды ачылыш азем менен куттуктап өттү.
“Бүгүн биздин бийлик башына келгенибизге командабыз менен туура 6 жыл толду. 6 жылдын ичинде кыйын абалга келип калган мамлекетибизди экономикалык жактан, ички жана тышкы саясат жагынан баарын бир нукка салып, рельске салып, оңдоп кеттик.
6 жылдын ичинде 1 075 имарат жана объект курган болсок, ошонун бири — бүгүнкү “Бишкек Арена” стадиону. 1 075 имараттын ичинде мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, маданият имараттары жана башкалар бар. Андан сырткары 521 завод-фабрика куруптурбуз. Анын ичинде ушул стадион дагы бар. Бул стадион дагы ошол заводдордун бир орточо же болбосо чоңурагын алганда дагы, ошол заводдон кем эмес киреше алып келип турат. Мына көрүп жатасыздар, кезекке тура башташты.
Элибизде тынчтык, ынтымак болуп турса экономикабызды мындан да өнүктүрөбүз”,-деди өлкө башчысы.
Белгилей кетсек, 31-августта стадиондо VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өткөрүлгөн болчу.