“Билим берүү жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүү кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатат – министрлик

Загрузка... 04 Февраль 2025 11:00
3085454.54b100f16545df30492ea8930900484d.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Жогорку кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында "Билим берүү жөнүндө" КР мыйзамынын 9-беренесине ылайык, коргоо, укук коргоо, саламаттык сактоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөлөрүндө кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу ушул чөйрөлөрдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Билим берүү министрлиги прокурордук жана соттук ишмердүүлүк адистигин даярдоо боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарын Башкы прокуратура менен биргеликте жүргүзөт.

Андан тышкары, аскердик билим берүү багыттарын же адистиктерин даярдоо боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарын Коргоо министрлиги менен, медициналык жана фармацевтикалык багыттарын же адистиктерин даярдоо боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарын Саламаттык сактоо министрлиги менен, укук коргоо иши багыттарын даярдоо боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарын Ички иштер министрлиги менен биргеликте макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-январында Бишкекте Башкы прокуратуранын юридикалык академиясы ачылган. Мында кесиптик билим берүүдөгү теория менен практика айкалышып, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Эске салсак, бүгүн президент Садыр Жапаров “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду. Аталган мыйзамга ылайык, прокуратура органдарынын иш чөйрөсүндө кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуунун натыйжасында ишке ашат.

Ошондой эле мыйзамга ылайык, прокуратура органдарынын чөйрөсүндөгү жогорку кесиптик билим берүүнүн адистештирилген мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилери министрлер кабинети тарабынан белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана бошотулат.