Билим берүү министри 2025-жылы аткарыла турган иштерди тизмектеди

Пресс-борбор Загрузка... 30 Декабрь 2024
AB5I0413.JPG
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында 2025-жылы аткарыла турган иштер тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, 12 жылдык мектепте билим берүүнүн жаңы билим берүү стандартын, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн предметтик стандарттарын жана билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуунун жаңы модулдарын иштеп чыгуу зарыл.

"12 жылдык билим берүүнү ишке ашырууну маалыматтык камсыздоо, аны ишке ашыруунун динамикасына мониторинг жүргүзүү боюнча штаб түзүү, мектептерди заманбап окуу китептери менен камсыз кылуу – 1,5 млрд сомго 3,9 млн нускада басып чыгаруу зарыл. Мектептеги билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү керек, бул үчүн Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү боюнча жаңы департамент түзүлдү. Анын ичинде 180-250 мектептин базасында PISA – 2025 программасын ишке ашыруу зарыл", - деди ал.

Ошондой эле министр белгилегендей, мугалимдерди комплекстүү методикалык колдоо – облустардын, шаарлардын жана райондордун деңгээлинде методикалык борборлорду реформалоо, Кыргыз жараны, улуттук каада – салт, басмырлоону болтурбоо, аң-сезимдүү жоопкерчиликтин, аяр мамиленин, келечекке даярдыктын, мектеп жашоосуна катышуунун үлгүсү болгон - мектеп окуучуларын тарбиялоо боюнча ишти күчөтүү зарыл.