Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндөн баштап "Манас" эл аралык аэропорту ААК эми "Кыргызстан аэропорттору" ААК деп расмий түрдө өзгөрдү. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү башкы аба майдан "Манас" эл аралык аэропорту деп атала берет.
"Урматтуу кесиптештер жана мекендештер!
Бүгүнкү күндөн баштап "Манас" эл аралык аэропорту ААК эми "Кыргызстан аэропорттору" ААК деп расмий түрдө өзгөрдү.
Бул аталыш ачык акционердик коомго гана тиешелүү, ал эми өлкөнүн борборундагы башкы аба майданы "Манас" эл аралык аэропорту деп аталып кала берет. Мындай өзгөртүү өлкөнүн бардык аэропортторун бир бренддин алдына бириктирүү, өнүктүрүү боюнча мекемебиздин стратегиялык багытын чагылдырат", - деп белгиледи ал.