Бишкек, 04.01.26. /Кабар/. Бүгүн өлкөнүн айрым аймактарында кар жаашы ыктымал.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +4... +9, Талас жана Баткен облусунда +3… +8, Ош, Жалал-Абад облустарында +4... +9, Ысык-Көлдө +1... +6, Нарында -6... -11 градус болот.
Бишкек шаарында абанын табы +6... +8 градусту түзүп, жаан-чачын күтүлбөйт.