Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан, кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.
Абанын температурасы Чүй облусунда +5... +10, Талас облусунда +1… +6, Баткен облусунда +5… +10, Ош, Жалал-Абад облустарында +5... +10, Ысык-Көл облусунда +6... +11, Нарын облусунда -3... +2, градус болот. Ал эми Бишкек шаарында +8... +10 градус жылуу болот.
Жолдор тайгак болот.
Мындай аба ырайында узак жолго чыксаңыз жылуу кийинип, жаныңызга тамак-аш ала жүрүңүз. Унаа башкарууда аралыкты сактап айдаңыз!