Бүгүн ИИМдин 26 айылдык бөлүмчөсү онлайн ачылууда

Президент 21 Март 2026 16:30
655767261_26113648098276751_6276420164004460816_n.jpg
655111381_2611.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
654849501_26113648121610082_5485500995488034363_n.jpg
655111381_26113648361610058_8760973997512510233_n (1).jpg
Алдыга
Артка
655767261_26113648098276751_6276420164004460816_n.jpg
655111381_2611.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
654849501_26113648121610082_5485500995488034363_n.jpg
655111381_26113648361610058_8760973997512510233_n (1).jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Бүгүн Ички иштер министрлигине тиешелүү 26 объект онлайн ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, айылдык бөлүмчөлөр кызматкердин иштегенине жана үй-бүлөсү менен жашоосуна ыңгайлашканы менен өзгөчөлөнөт.

"Нарын облусунда дагы 6 жерде, Ат-Башы жана Нарын райондорунда милициянын айылдык бөлүмчөлөрү ачылууда. Жер жерлерде жаңы ачылып жаткан “Айылдык бөлүмчөлөрдүн” өзгөчөлүгү — бир жагында кызматкердин иш бөлмөсү болсо, экинчи жагында ошол эле кызматкер үй-бүлөсү менен жашоого бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп, атайын долбоор менен курулган. Кызматкерлер батирден-батирге көчүп же дагы башка турмуштук убаракерчилик тартпасын деп ушундай заманбап шарттарды түзүп бердик. Мындай имараттар, бүгүн онлайн режимде Баткен, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарында ачылып, ишке киргизилип жатат. Себеби бул имараттардын ачылышы менен коомдук коопсуздукту камсыздоо иш-чаралары бир кыйла жакшырып, элибизге ыкчам жана сапаттуу кызмат көрсөтүү жумуштары жаңы деңгээлге көтөрүлөт деп ишенем", - деди өлкө башчысы.