Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Бүгүн, 24-ноябрда жаңы курула турган 35–40 кабаттуу ипотекалык турак жай комплекси үчүн мезгил кутучасын салуу аземи өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.
Маалымдалгандай, иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев катышат.
Анда комплекс боюнча кыскача маалымат берилип, курулуштун негизги этаптары тааныштырылат.
Курулуш жүрө турган жер Анкара көчөсү менен Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.