Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжан Сатиева Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында жайгашкан Курманбек Сыйданов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин абалы менен таанышты.
Парламенттен билдиришкендей, эл өкүлү мектептин материалдык-техникалык базасы, эмгек шарттары жана билим берүү процессинин жүрүшү тууралуу кеңири маалымат алып, мугалимдер жамааты менен жолугушту.
Анда окуучулардын саны көбөйгөндүктөн, заманбап жаңы мектеп куруу негизги муктаждыктардын бири болуп турганы айтылды. Ошондой эле жаңы билим уясы салынса, учурда мектеп катары пайдаланылып жаткан мурдагы бала бакчанын имаратын бошоп, кайрадан бала бакча кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөрү белгиленди.
Депутат Гүлжан Сатиева аталган маселе боюнча тийиштүү иштерди жүргүзөрүн билдирип, чечилишине көмөк көрсөтөрүн кошумчалады.