Беларустагы президенттик шайлоодо Лукашенко 5 миллиондон ашык добуш менен жеңишке жетти

Дүйнө Загрузка... 27 Январь 2025
2615-copy.original.jpg
copyright icon www

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Беларустагы президенттик шайлоодо Александр Лукашенко 5 миллион 136 миң 293 добуш менен жеңди. Бул тууралуу Беларусь Республикасынын БШКнын төрагасы Игорь Карпенко “Бельта” маалымат агенттигине билдирген.

Маалыматка ылайык, Беларусь Республикасынын президенттигине талапкерлер үчүн төмөнкүдөй сандагы добуштар берилди:

-Гайдукевич Олег Сергеевич - 119 272 добуш, же 2,02%;

-Канопатская Анна Анатольевна - 109 760 добуш, же 1,86%;

-Лукашенко Александр Григорьевич - 5 136 293 добуш, же 86,82%;

-Сыранков Сергей Александрович - 189 740 добуш, же 3,21%;

-Хижняк Александр Николаевич - 102 789 добуш, же 1,74%;

-213 277 шайлоочу же 3,60% бардык талапкерлерге каршы добушун берди.

“Ошентип, эң көп добуш Александр Григорьевич Лукашенко үчүн берилди”, - деп белгилеген Игорь Карпенко.