Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Жакынкы 5 жыл ичинде Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүү максатын койдук. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Алматы шаарында Беларус Республикасынын премьер-министри Роман Головченко менен жолугушуудан кийин өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, учурда эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү өсүүдө, бирок дагы пайдаланылбаган чоң потенциалдар бар.
“Айыл чарба, өнөр жай, логистика жана машина куроо тармактарында жаңы долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз. Беларусь Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү. Өз ара кызматташуубуз мындан ары өнүгө берет”, - деди Адылбек Касымалиев.
Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы достук мамилелерди жана кызматташууну мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экенибизди билдирди.
Эске салсак, министрлер кабинетинин башчысы Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына, ошондой эле "Digital Almaty 2025" эл аралык санариптик форумунун пленардык сессиясына катышуу үчүн Казакстан Республикасынын Алматы шаарына иш сапары менен келген. Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко менен жолугушуу Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынынын алкагында өттү.