Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры Бишкек шаарында гастролдо жүрөт.
Чыгармачыл жамаат көрүүчүлөргө кыргыз адабиятынын жана театр өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлү, Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына карата “Күттүргөн жаз да келер” спектаклин тартуулап жатат.
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын сахнасында коюлган спектаклдеги өнөр адамдарынын образдары "Кабар" агенттигинин сүрөтчүсүнүн сүрөттөрүндө чагылдырылды.