Бейтаптардын өмүрүнө коркунуч: Депутат ооруканалардагы стерилдөө маселесин көтөрдү

Жогорку Кеңеш Загрузка... 20 Май 2026 11:11
1068801296_3_0_3074.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаева парламенттин жыйынында Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы медициналык аспаптарды стерилдөөдөгү (тазалоодогу) көйгөйлөр тууралуу маселени көтөрдү.

Анын айтымында, аталган мекемеде автоклавдар (стерилдөөчү жабдыктар) жок болгондуктан, аспаптарды тазалоо башка медициналык мекемелерде жүргүзүлүүдө. Бул үчүн медициналык кызматкерлер аспаптарды унаалар менен ташууга мажбур болуп жатышат.

"Бул ченемдерди бузуу гана эмес, санитардык-эпидемиологиялык абалга түздөн-түз коркунуч келтирет. Стерилдөө — бул бейтаптардын өмүрү. Эгерде аспаптарды ташуу туура эмес шарттарда ишке ашырылса, сепсис (кандын ууланышы) жана башка коркунучтуу ооруларды жуктуруп алуу тобокелдиги жогорулайт. Бул өзгөчө жаңы төрөлгөн ымыркайларга жана энелерге тиешелүү", - деди ал.

Депутаттын айтымында, бул көйгөй үстүбүздөгү жылдын январь айында эле көтөрүлгөн, бирок кийинчерек Саламаттык сактоо министрлиги жабдыктар иштеп жана бардык санитардык ченемдер сакталып жатканын маалымдаган.

Ошол эле учурда эл өкүлү бул көйгөйдүн бар экендигин тастыктаган далилдер, видеоматериалдар, ошондой эле бейтаптардын жана дарыгерлердин өздөрүнүн кайрылуулары бар экенин билдирди.