"Бейиш - эненин таманында" тасмасы Малайзия жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө кеңири прокатка чыгууда

Маданият Загрузка... 27 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында кыргызстандык режиссер Руслан Акундун "Бейиш - эненин таманында" көркөм тасмасынын сынактык көрсөтүүсү өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Көрсөтүүнүн алкагында Кыргызстандын элчиси Анвар Анарбаев тасманы Малайзияда жайылтуу укугуна ээ болгон малайзиялык ATriNaga дистрибьютор компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Жыйынга режиссер Руслан Акундун продюсердик тобунун өкүлдөрү да катышты.

ATriNaga`нын маалыматына ылайык, тасма 2025-жылдын 13-февралынан тарта Малайзиянын бардык ири шаарларында көрсөтүлөт. Тасма кыргыз тилинде, малай жана англис тилдеринде субтитрлер менен күрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, ATriNaga тасманы 2025-жылдын февраль жана март айларында Индонезияда, Сингапурда жана Брунейде чыгарат.

"Бейиш – эненин таманында" тасмасынын Малайзияда жана башка региондордо көрсөтүлүүсү кыргыз тасмасынын тарыхында биринчи жолу Түштүк-Чыгыш Азияда кеңири прокатка чыккан тасма болуп калат

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги тасманын прокатка чыгуусуна маалыматтык колдоо көрсөтүп жатат.